“Жалалбатэлектро” Ачык Акционердик Коому күз-кыш айларына болгон даярдыктарды баштады.
Майлуу-Суу шаарындагы 35/6 Кв “Сары-Бээ” көмөк чордонуну тоо тарапта жайгашкандыктан, шарты салыштырмалуу оор. Аталган көмөк чордонунда күз-кыш айларына болгон даярдыктар башталды. Көмөк чордондогу трансформатордун өчүрүп-жандыруучу аппаратын акыркы үлгүдөгү тетиктерге алмаштырышты.
“Сары-Бээ” көмөк чордону аталган аймактагы жайгашкан 3 айылдан сырткары телестанцияны жана шаардык суу башкармалыгына да электр энергиясын жеткирип берет. “Жалалабатэлектро” Ачык Акционердик Коомунун жогорку чыңалуудагы жабдыктарды тейлөө кызматынын башчысы Талант Камчыевдин айтымында оңдоп түзөө иштери январь айынан тарта башталган. ВК10 жана ТСН жабдыгынын жанылануусу авариялык өчүрүүлөргө бөгөт коет.